Haber

Туризм адистигин студенттери добоорго катышуу укугуна ээ болушту

КРнын туризм тармагында энергиянын жана ресурстардын натыйжалуулугун жогорулатуу (ПЭРЭТО) долбоору менен кафедра бир жылдан бери кызматташып келүүдөбүз (аталган долбоор ОшМУда ректордун буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат). Кафедранын 3 кызматкери (Самиев К., Алайчиев Э., Султанов Ж.) аталган долбоордун алкагында Бишкекте, Ысык-Көлдө семинарларга катышышып, билимдерин өркүндөтүп келишти. Долбоордун алкагында окуу планына “Жашыл экономика жана туризм” предмети киргизилди. Долбоордун демилгеси менен 2023-жылдын 8-февралында “Ош облусунда туризмди өнүктүрүүдө туруктуу өндүрүү жана керектөөнү ишке ашыруудагы көйгөйлөр жана мүмкүнчүлүктөр”, аталышындагы Ош областындагы туризмди 2023-2028-жылдар аралыгында өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга арналган тегерек стол уюштурулган, ага кафедранын кызматкерлери катышышып, сунуш-пикирлерибизди айтканбыз. ПЭРЭТО долбоору “IDEA” Борбордук Азия жана Европа Союзанун Switch-Asia программасынын финансылык колдоосу менен жаны долбоорго факультеттин туризм адистигин студенттери менен жаңы программаны ишке ашырганга болгон аракеттер жүрүүдө. Туризм адистигин даярдагын Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар (7 ЖОЖ) ортосунда ЭКОЛОГИКА 3. аталышындагы долбоор үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын аягында Бишкек шаарында өтүүсү пландаштырылууда. Жогорудагы аталган долбоордун жетекчилери 2023-жылдын 25-октябрында ОшМУнун ТТАТФта өткөргөн семинар-консультатциясы ийгиликтүү өттү. Студенттерибиздин активдүүлүгүнө келген коноктор аябай ыраазычылык билдирүү менен 2 команда катышуусуна макулдук беришти жана Бишкек шаарында өтө турган 4 күндүк иш-чарага студенттерибиздин жол, жатакана, тамак-аш чыгымдарынын баарын долбоор каржылай турган болду.
182 09:02 26-10-2023

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|