Haber

Туризм жаатында жаны меморандум

Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси менен “Өзгөн” мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругун туризмде башкаруу планын даярдоо боюнча жумуш алып барып жаткан ИЛГЕРИЛӨӨ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ (Центр продвижения и развития) борбору менен ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультети меморандумга кол койду. Аталган борбор менен туризм жана улуттук баалулуктар боюнча буга чейин иштешип (тегерек стол, талкуу ж.б.) келген элек. Мисалы, 2023-жылдын 4-октябрь күнү Ош шаардык мэриясында талкууга катышып, сунуш-пикрилерибизди айтканбыз. Кызматташтык Кыргызстанда (өзгөчө түштүк аймакта) туризмдин өнүгүүсүнө жана маданий баалуулуктарды башкаруу боюнча түшүмүн берет деп үмүт кылабыз.
162 03:07 09-10-2023

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|