Haber

ОшМУ: Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү белгиленди

27-сентябрь - Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө арналып, Араван районундагы Чарбак дем алуу жайында спорттук туризм боюнча туристтик слет өткөрүлдү. Иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинен, аталган окуу жайдын STEM инновациялык колледжинин туризм адистигинин кызматкерлери жана студенттери катышты. Студенттер “ГИД”, “Альбатрос”, “STEM”, “Эверест”, “ТМС”, “Хан-Теңир”, “Орлы”, “Перваши”, “ПИК” аталыштарындагы командаларга бөлүнүшүп: суунун үстүнөн, баткактан өтүү, бийиктикке чыгуу-түшүү, картага карап жердин шартын аныктоо сыяктуу тапшырмаларды аткарышты. Команданын курамы 4 адамдан болуп (2 кыз, 2 бала) түзүлдү. Жыйынтыгында байгелүү 1-орунга “Хан-Теңир”, 2-орунга “ПИК” 3-орунга “Перваши” командалары ээ болушту жана жеңүүчүлөргө атайын өтмө кубок, диплом, грамота, эстелик белектери тапшырылды.
175 03:45 04-10-2023

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|