Haber

Спорттук туризм боюнча ОшМУ чемпион

2023-жылдын 2-8-октябрь күндөрү Өзбек республикасынын Жизак областынын Бахмал районунун Жум-Жум сай туристтик комплексинде спорттук туризм боюнча “Дүйнөлүк биринчилик” болуп өттү. Мелдешке Кыргызстан, Россия Федерациясы, Белорусия, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Индия өлкөлөрүнөн 36 команда катышты. Таймашта Ош мамлекеттик университетинин табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультети жана STEM инновациялык колледжинин туризм адистигинен түзүлгөн командалар оюндун эстафеталык жана топтук түрү боюнча жогорку ийгиликтерге жетишишип, байгелүү 2-орунду багындырышты. Мелдештин жүрүшүндө командалар: 1. Жалгыздап таймаш 2. Эстафеталык таймаш 3. Топтук таймаштар боюнча жарышка түшүштү. Бул эң жакшы жетишкендик! Спорттук туризм достук жана ийгилик менен!!! Ошондой эле Өзбек республикасынын Жизак областынын туризм департаменти менен эл аралык туризмди өнүктүрүү максатындагы меморандумга кол койулду.
175 03:35 09-10-2023

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|