Туризм XXI кылымда
09:19
2023-жылдын 24-ноябрында ТТАТФнын Экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын базасында түзүлгөн “Туризм XXI кылымда” клубунун (клубдун жетекчиси г.и.к., улук окутуучу Момошева Г.А.) демилгеси менен “КЫРГЫЗСТАНДА ТУРИЗМДИН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ” аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын 1-бөлүгүндө Кыргызстандын 7 облусундагы өзгөчө туристтик объектилери боюнча презентацияларды көрсөтүү менен театралдаштырылган көрөнүштөрдү аткарышты, 2-бөлүгүндө концерттик программа уюштурулду. Активдүү катышкан студенттерге уюштуруучулар тарабынан баалуу белектер ыйгарылды. Иш-чараны туризм профилинин 2-курсунун студенттери уюштурушту.
219 09:19 27-11-2023