Haber

“Жашыл мурас”: ОшМУ, табият таануудан жашыл экономикага жана жашыл туризмге!

2022-жылдын 16-апрелинде “Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын” алкагындагы “Жашыл мурас” улуттук иш-чарасына ылайык ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин “география” жана “туризм” багыттарынын студенттери жана окутуучулар жамааты Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагындагы 2017-жылы жер сүрүлүү жүргөн жерге 200 түп дарак көчөттөрүн отургузуп, жаңгак уруктарын таштап келишти. Бул участок жергиликтүү бийлик жана биздин факультеттин ортосундагы атайын келишимдин негизинде (демилгечи жана уюштуруучу г.и.к., доцент А.У.Аккулов) келечекте жашыл тилкеге айланып, табият таануу, туризм жана айыл чарбасы жаатында илимий иштерди жүргүзүүчү жана практикалык сабактарды өтүүчү полигонго айланат. Бүгүнкү иш-чарага ОшМУнун ректору, профессор К.Г.Кожобеков катышып, окуу жана илим изилдөө процесстерин өндүрүш жана бизнес менен айкалыштыруу, студенттик стартаптарды колдоо маселелери боюнча кеп куруп берди.
146 12:11 18-04-2022

                 

Haber

|< 2 3 4 5 6 >|