Haber

Республикалык ЖОЖдор ортосундагы географиялык олимпиада ОшМУда өткөрүлдү

2022-жылдын 03-04-июнь күндөрү "Мен дүйнөнү тааныйым" аталышындагы Кыргыз географиялык коому жана Ош мамлекеттик университети тарабынан география предмети боюнча IV республикалык олимпиада болуп өттү. Олимпиадага Ош мамлекеттик университети, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, И. Арабаев атындагы мамлекеттик университети, А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университеттеринин "география" адистиктеринен түзүлгөн командалар (бештен студент, экиден жетекчи) катышты. Жыйынтыгында ОшМУнун "Олимп" командасы баш байгеге ээ болду. Олимпиаданы уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ОшМУнун ректоратына, катышуучуларды жайгаштырууда чоң көмөк көрсөткөндүгү үчүн, өзгөчө ОшМУнун кесиптик кошуну, төрагасы Абсамат Эрмаматович баштаган жамаатка терең ыраазычылык билдиребиз!
137 13:37 10-06-2022

                 

Haber

|< 2 3 4 5 6 >|