Haber

ТТАТ факультетинин туризм адистигинин “ЭкоЭтноТур” туристтик клубу, турларын уюштурууда.

2022-жылдын 17-апрель күнү, табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын базасында туризм адистигинин студенттери теориялык алган билимдерин, практика жүзүндө толуктоо максатында уюштурулган “ЭкоЭтноТур” аталышындагы туристтик клубу кезектеги (быйылкы жылкы алгачкы) турун Баткен облусунун аймагында жайгашкан, дүйнөдө сейрек кездешүүчү “АЙГҮЛ ГҮЛҮНӨ” уюштурду. Турга катышууну каалоочулар (Ош шаарынын мектептеринин географ мугалимдери, ОшМУнун факультеттери (ВШМОП, МиТ менен ИПК колледжинен), Б.Сыдыков атындагы эл аралык КӨУнун мугалимдери жана факультетибиздин география, туризм адистигинде окуган студенттер менен мугалимдери, жалпы 47 адам), социалдык сеттер (инстаграмда @ecoethnotour_, фейсбукта TTGF) аркылуу маалымат алышты, гид-экскурсоводдук кызматты бул сапар 1-курстун студенттери Абасова Аймээрим менен Жаныбекова Мээримайлар аткарышты. Айгүл гүлү – Кыргызстандагы туризмдин символу болуп эсептелинет! Ошондуктан, быйылкы жылдагы алгачкы тур, ушул аймакка уюштурулду. Кыргызстандын түштүк аймактарындагы кооз жайларга турлар дагы уюштурулмакчы.
182 16:45 18-04-2022

                 

Haber

|< 2 3 4 5 6 >|