Haber

ЮНЕСКОнун геопарктарды түзүү боюнча «3 GEO» эл аралык форуму өткөрүлдү

2022-жылдын 14-15-октябрь күндөрү Ош шаарында ЮНЕСКОнун геопарктарды түзүү боюнча «3 GEO» геомурас, геотуризм жана геокызматташтык аталышындагы эл аралык форуму өткөрүлдү. Иш-чаранын 1-күнү Ош шаарындагы “Орто Азия” мейманканасынын конференциялык залында КРнын президентинин Ош облусунундагы өкүлүнүн ж.б. официалдуу жетекчилердин катышуусу менен башталды. ОшМУнун ректору, профессор К.Г.Кожобеков ачылышта куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Форумдун 2-күнү, “Дестиниация Ош” коомдук бирикмесинин офисинде райондордон, шаарлардан келген туристтик ишкана-мекемелердин көргөзмөсү менен башталды. ТТАТФнин экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасы көргөзмө уюштурду. Планардык сессия, панелдик талкуулоолор кечке чейин уланды. Форумдун 3-күнү Алай районундагы “Альпин дом” тоо отелине жүрүш болуп, кечинде резолюция кабыл алынды. Иш-чараны өткөрүүгө экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын кызматкерлери (доцент Э.К.Алайчиев жооптуу катчы), туризм адистигинде окуган студенттери (волонтерлук кызматтарды) активдүү катышышты. Форумдун жыйынтыгында, ОшМУнун базасында геомурас, геотуризм, геокызматташтык жана биотүрдүүлүк боюнча ЮНЕСКОнун илимий борборун ачуу боюнча сунуш резолюцияга кошулду.
130 11:40 18-10-2022

                 

Haber

|< 2 3 4 5 6 >|