Haber

ТТАТ факультетинин туризм адистигинин “ЭкоЭтноТур” туристтик клубу, кезектеги турларын уюштурууда.

2022-жылдын 7-8-май күндөрү, табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын базасында туризм адистигинин студенттери теориялык алган билимдерин, практика жүзүндө толуктоо максатында уюштурулган “ЭкоЭтноТур” аталышындагы туристтик клубу кезектеги турун Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашкан, "Сары-Челек" мамлекеттик биосфералык коругуна уюштурду. социалдык сеттер (инстаграмда @ecoethnotour_, фейсбукта TTGF) аркылуу маалымат алышты, гид-экскурсоводдук кызматты бул сапар 2-курстун студенттери Токторова Салкынай менен Таалайбек уулу Сыймыктар аткарышты. Корук Кыргызстанда алгачкылардан болуп түзүлгөн. Анын аймагы дээрлик 24 миң гектарды түзөт. Андагы эң бийик чоку Музтөр болуп, бийиктиги 4 миң 247 метрге жетет. "Сары-Челек" коругу 1979-жылы ЮНЕСКОнун "Адам жана биосфера" программасынын биосфералык резерваттардын Дүйнөлүк тармагына киргизилген. Ал эми, 2016-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар объекттеринин тизмесине Батыш Тянь-Шандын бир бөлүгү катары кирген. Коруктун аймагында Кызыл китепке кирген жаныбарлар байырлап, өсүмдүктөр өсөт. Мисалы, ак илбирс, сүлөөсүн, суусар, күрөң аюу, каман, элик, тоо текеси, маралдар ж.б. бар. Ошондой жаңгак, арча, карагайлар ж.б. өсөт. Кыргызстандын түштүк аймактарындагы кооз жайларга турлар дагы уюштурулмакчы.
158 14:41 14-05-2022

                 

Haber

|< 2 3 4 5 6 >|