Haber

ШКУга кирген өлкөлөрдүн кызматташтыгынын жаңы этабы: туризм жана маданий мурастар

ТТАТФнин деканы, г.и.д., профессор Низамиев А.Г., экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын башчысы, г.и.к., доцент Самиев К.Т. 2022-жылдын 19-21-май күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөрүлгөн “ШОСко кирген өлкөлөрдүн кызматташтыгынын жаңы этабы: туризм жана маданий мурастар” аттуу форумга катышып келишти, күндүн экинчи жарымында профессор А.Г.Низамиев “ШКУ өлкөлөрүнүн туризм жана маданий мурастары жаатындагы билим жана илим тармагындагы кызматташтык: көйгөйлөр жана перспективалар” аталышындагы секциялык жумушта баяндама жасады. Ошондой эле форумдун жүрүшүндө ШКУга кирген өлкөлөрдөн келген билим берүү тармагындагы өнөктөштөр ортосунда, туризм тармагы (биргелешип практикаларды өткөрүү, мобилдүүлүк, конок лекцияларды уюштуруу ж.б.) маселелер боюнча сүйлөшүүлөр, пикир алмашуулар болду. Иш-чаранын алкагында шаардын тарыхый-маданий эстеликтери, туристтик объектилери менен дагы таанышууга мүмкүнчүлүк болду.
141 15:30 25-05-2022

                 

Haber

|< 2 3 4 5 6 >|