Haber

ТТАТ факультетиндеги туризм адистиги, эл аралык уюмдар менен алаканы күчөтүү аракетин улантууда

Жарнамалык ишмердүүлүк менен алектенген “Жейзет” жоопкерчилиги чектелген коомунун Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен 2022-жылдын 24-май күнү “ХЕЛЬВЕТАС”, “OSH destination” жана “КАТО” уюмдарынын колдоосу аркылуу туризм ишмердүүлүгү менен алектенген ишканалардын жетекчилери жана туризм адистигин даярдаган окуу жайлар менен “Кыргызстандагы туруктуу туризмдин критерийлери жана стандарттары” аталышында конференция өткөрдү. Конференцияга экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынан улук окутуучу Д.С. Кеңешбаева менен 2-курстун мыкты окуган 4 студенти катышып келди. Конференцияда алынган баалуу маалыматтар кафедрада талкууланып, студенттерге жеткирилди, мындай иш-чаралар дагы улантылмакчы. “Жейзет” жоопкерчилиги чектелген коому менен ОшМУнун ТТАТ факультетинде кафедра ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.
153 12:58 26-05-2022

                 

Haber

|< 2 3 4 5 6 >|