Haber

Европа Биримдиги уюштурган экономикалык форумга ТТАТФнин туризм адистигин кызматкери катышып келди

2022-жылдын 17-19-майында Өзбекстандын Фергана шаарында Европа Биримдигинин BOOST – “Өзбекстан менен Кыргызстандагы бизнес жана уюмдар туруктуу иштешет” долбоору Youthof Osh, DVV International уюму менен биргеликте кезектеги “Аймактык кызматташтык – Фергана диалогу” экономикалык форумун өткөрдү. Форумдун негизги максаты – Фергана өрөөнүндөгү компаниялардын ортосунда диалог үчүн аянт түзүү, аны өнүктүрүү жана чек ара кызматташуусу үчүн ыңгайлуу бизнес чөйрөсүн куруу жана тоскоолдуктарды талкуулоо. Форумдун талкуу темасынын приоритеттүү багыттары болуп креативдүү экономика, туризмди өнүктүрүү, энергияны үнөмдөө, IT инновациялар жана чек ара соодасы саналат. Бул платформа Фергана өрөөнүндөгү 3 өлкөнүн: Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын бизнес, өкмөт, академиялык чөйрө, бейөкмөт уюмдар жана соода-өнөр жай палаталарынан 150дөн ашык адамды чогултту. Форумга ТТАТ факультетинен экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынан улук окутуучу Динара Кеңешбаева катышып ОшМУ, факультет жана кафедрадагы иштеп жаткан “ЭкоЭтноТур” клубу тууралуу чакан көргөзмө уюштурду. Форумдун аягында жеке ишкерлер жакындан таанышуу жана мындан аркы кызматташуу үчүн маалымат алмашуу максатында IT, текстиль, бут кийим ишканаларына экскурсия уюштурулду.
145 15:49 25-05-2022

                 

Haber

|< 2 3 4 5 6 >|