Haber

ТТАТФ: Ханабад экотуризм форумуна катышуу

2022-жылдын 20-21-октябрь күндөрү табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин делегациясы (Низамиев А.Г., декан, г.и.д., проф.; Самиев К.Т., экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын башчысы, г.и.к., доцент; Абдыкааров А.М., зоология жана экология кафедрасынын башчысы, б.и.к., доцент; Каримов Б.А., ботаникалык бактын директору, б.и.к., доцент; Жакыпова Ж.Т., Сапарбай кызы Э., физикалык география, Кыргызстандын географиясы жана табият таануу концепциялары кафедрасынын лаборанттары; Жээнбекова А.А., Маметкадырова Г.Ш., Токторова С., Талантбекова Н. туризм багытынын студенттери) Өзбекстандын Ханабад шаарында өткөрүлгөн «Xanabad wellnes-resort» аттуу эл аралык экотуризм форумуна катышып келишти. Анда Низамиев А.Г. илимий баяндама жасады. Форумдун алкагында шаардын абасынын тазалыгын текшерүү, калдыктарды экинчилик иштетүү, туристтик жайлар, анын ичинде жакынкы арада курулуучу жасалма көл менен таанышуу болду.
118 16:36 25-10-2022

                 

Haber

|< 2 3 4 5 6 >|